Катуу айдоо өлүмгө алып келет! Ысык-Көл ОИИБ боюнча ЖКККБ ылдамдыкты сактоо эрежеси боюнча социалдык роликтерди чыгарууда
Жол кыймылынын катышуучулары, айдоочулар тарабынан жолдо ылдамдыкты сактоо эрежесин эмне үчүн крек экендигин жана эрежеге кайдыгер мамиленин кандай кейиштүү көрүнүштөргө алып келерин, социалдык роликтерден биле алышат. Мындай социалдык роликтер Ысык-Көл ОИИБ боюнча ЖКККБ тарабынан жол кырсыктарын алдын алуу багытындагы масштабдуу профилактикалык иш чарасынын алкагында даярдалып чыгарылууда. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма-сөз кызматынын жетекчиси Сталбек Усубакунов билдирди.
Орун алган жол кырсыктарга талдоо жүргүзүү учурунда, ылдамдыктын эрежесин айдоочулар тарабынан сактабашы, аймактагы жол кырсыктарынын негизги түрүнө айланган. Ал эми, алдыда келе жаткан автоунаа менен тийиштүү аралыкты сакталбастыгын кошкондо, жол кырсыктарынын кесепети өтө коркунучтуу болуп эсептелинет.
Алып айтканда, 2021-жылдын 11 айында облустун аймагында ылдамдыктын эрежеси сакталбагандыктан 42 жол кырсыгы катталып, жалпы жол кырсыктарынын 9,6 пайызы түздү. Натыйжада, 13 адам каза болуп, жалпы жол кырсыктарынан каза болгон адамдардын санынын 10,6 пайызына жеткен. Ал эми, 39 жаран болсо, денелеринен ар кандай жаракаттарды алышып, ооруканаларга жаткырылган. Ылдамдыктын эрежесин сактабангандыгы үчүн 9246 протокол түзүлүп, 10117500 сом айып пул салынган.
Уюштуручулардын пикири боюнча, социалдык роликтер жол кыймылынын катышуучуларын ылдамдыктын сакталышынын канчалык мааниси бар экендиги жөнүндө гана маалымдабастан, алардын жолдо жүрүү маданиятын көтөрүүгө да өбөлгө түзмөкчү.
Алып айтсак, Кыргыз Республикасынын Жол кыймылынын эрежесинин 10 бөлүмү боюнча:
Айдоочу транспорт каражатын белгиленген чектөөдөн ашпаган ылдамдыкта айдоого тийиш,мында кыймылдын ыкчамдыгын, транспорт каражаты менен жүктүн өзгөчөлүгүн жана абалын, жол жана метеорологиялык шарттарды эске алууга тийиш. Атап айтканда, жүрүп бараткан багыттагы айлананын көрүнүшүн эске алууга тийиш. Ылдамдык айдоочуга Эрежелердин талаптарын аткаруу үчүн транспорт каражатынын кыймылына туруктуу контролдукту камсыз кылууга тийиш.
Айдоочу байкай алган кыймыл үчүн коркунучкелип чыккан учурда ал транспорт каражатын дээрлик токтотууга чейин ылдамдыкты азайтуу үчүн мүмкүн болгон чараларды көрүүгө тийиш.
Калктуу конуштарда транспорт каражаттарынын 60 км/сааттан ашпаган ылдамдык менен жүрүшүнө уруксат берилет.
Калктуу конуштардан тышкары жерлерде төмөнкүдөй кыймылга уруксат берилет:
• жеңил автомобилдер жана уруксат берилген максималдуу массасы 3,5 тоннадан ашпаган жүк ташуучу автомобилдер — 110 км/сааттан ашпаган ылдамдык менен автомагистралдарда, калган жолдордо — 90 км/сааттан ашпайт, ушул пункттун тогузунчу абзацында каралган учурлардан тышкары;
• шаарлар аралык жана өзгөчө чакан автобустар жана мотоциклдер бардык жолдордо — 90 км/сааттан ашпайт;
• башка автобустар, сүйрөгөн чиркегичи бар жеңил автомобилдер, уруксат берилген максималдуу массасы 3,5 тоннадан ашпаган жүк ташуучу автомобилдер автомагистралдарда — 90 км/сааттан ашпайт, калган жолдордо — 70 км/сааттан ашпайт;
• адамдарды кузовуна салып ташыган жүк ташуучу автомобилдер — 60 км/сааттан ашпайт;
• механикалык транспорт каражаттарын сүйрөгөн транспорт каражаттары — 50 км/сааттан ашпайт;
• коркунучтуу, өтө оор жана ири габариттүү жүктөрдү ташыган транспорт каражаттары — ташуунун шарттарын макулдашкан учурда милдеттендирилген ылдамдык менен.
Айдоочуга төмөнкүлөргө тыюу салынат:
• транспорт каражатынын техникалык мүнөздөмөсүндө аныкталган максималдуу ылдамдыктан ашырууга;
• транспорт каражатына орнотулган «Ылдамдыкты чектөө» деген аныктоо белгисинде көрсөтүлгөн ылдамдыктан ашырууга;
• зарылчылык болбой туруп өтө жай ылдамдыкта жүрүү менен башка транспорт каражаттарына тоскоолдук кылууга;
• жол — транспорт кырсыгын четтетүү зарыл болбогон учурда кесип тормоз берүүгө.
«Ылдамдыктын эрежесин сактоо – жол коопсуздугунун кепилдиги болуп саналат!», — деп белгилешет мекемеден.



