Коом

Бишкекте 111 объект текшерилип, тыюу салынган буюмдарды өрттөгөн бир факты аныкталды

Дем алыш күндөрү Санитардык-экологиялык инспекциясы Бишкек шаарынын акимчиликтери менен биргеликте тыюу салынган буюмдарды өрттөөнүн алдын алуу максатында рейд өткөрдү.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, 111 объект – мончолор, сауналар жана жеке үйлөр текшерилген.

Жыйынтыгында өрттөө фактысы Таймырская көчөсүндө жашаган М.Абдраимов аттуу шаар тургуну тарабынан жасалгандыгы аныкталган. Тартип бузган жаран мончосун тигүү калдыктары менен жылытып келген, ага карата жеринде акт түзүлүп, анын негизинде Кыргыз Республикасынын «Укук бузуулар жөнүндө» кодексине ылайык жаза колдонуу жөнүндө протокол түзүлөт.

Калган бардык объектилерде көмүр колдонулган, мыйзам бузуулар аныкталган жок.

Шаардыктар менен тыюу салынган каражаттарды өрттөп жибербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул багыттагы иштер уланууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button