Окуялар

Айдаркен шаарчасында энени сабаганга шектүү жаран кармалды

Фейсбук тармагында «Айдаркен шаарчасында тажиктер сүрөттөгү энени сабап салышкан» деген маалыматты таркатышууда.

Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы төмөнкүдөй маалымат берет.

2021-жылдын 18-декабрь күнү болжол менен саат 14:20 чамасына Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагынын Сур айылынын 7-көчөсүнүн  тургуну 30жаштагы А.Ү. (улуту кыргыз) өзүнүн чон-энеси (женеси) Бирлик айыл аймагынын Сур айылынын тургуну 61жаштагы М. Зны Айдаркен шаарындагы соода базарынан үйүңүзгө жеткирип коемун деп алдап, өзү башкарып жүргөн “ДеуМатиз” маркасындагы  автоунаасына салып, Айдаркен-Сох автоунаа жолу аркылуу кетип жатып “менин апамды бакшы, көзү ачык, молдого ысытма-суутма кылып сен майып кылып койгонсун”- деп, автоунаасын токтотуп унаанын арткы эшигин ачып уруп денесине жараат келтирүүнү көздөп  уруп- сабап, адамдын эркине каршы аракеттерди атайлап жасаган.

Бул факты Кадамжай РИИБнин КБРне Кыргыз Республикасынын КЖКнин 280-берене (Бейбаштык) менен  сотко чейинки өндүрүш иши козголуп, Сур айылынын 30жаштагы А.Ү. кармалып, тергөө амалдары жүрүп жатат,-деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button