Коом

ВИДЕО: Закир Юбуровдун агасы видеодо сурак берген киши иниси эмес экенин тастыктады

Казакстандын Ички иштер министрлиги берген маалымат жана видео чындыкка дал келбей калды. Казакстандын укук коргоо органдары тарабынан кармалган адам Закир Юбуров эмес. Бул боюнча толук маалымат алуу үчүн анын байкеси Тахир Юбуровго байланышканыбызда, төмөнкүлөрдү билдирди.

-Видеодогу адам менин иним эмес. Ал Алматыда идиш сатып иштейт. Ал жакка эки ай мурда учуп кеткен. Акыркы жолу  үч-төрт күн мурда байланышкам. Закир үйгө кайтам деп жүргөн. Андан кийин ал кармалгандыгы жөнүндө билдирүү келген. Эмне себеп менен кармалгандыгы белгисиз. Бирок видеодогу адам менин иним эмес,- деди

Анын айтымында, акыркы жолу 7-январь күнү жума намазынан кийин байланышка чыккан. Ал көзөмөл-өткөрүү пунктунан кармалган. Закирдин эмне себептен кармалганынын чоо-жайы азырынча белгисиз.

Эскерте кетсек, буга чейин казакстандык басылмалар митингге катышуу үчүн Кыргызстандан учуп келген адам келгенин билдирген видеону тараткан. Бул үчүн белгисиз адамдар ага 90 миң теңге убадалашкан. Кармалган адам белгилүү музыкант жана дзажмен Викрам Рузахунов деп таанылган.

Кийинчерээк бул тасмада дагы бир кыргызстандык – Закир Юбуров деген версия пайда болгон. Мындай маалыматты Казакстандын бир катар басылмалары да жарыялашты.

Рузахуновду колдоп Казакстандын элчилигинин алдындагы митингге анын кесиптештери, достору, жакындары жана жөн эле кайдыгер карабаган жарандар келишти. УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев да келди. Ал белгилегендей, Рузахунов террорист эмес, коңшу мамлекет туура эмес маалымат берген.

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы Рузахунов Алматыга гастролдо көп болуп турганын туугандарына шилтеме берүү менен билдирди.

Жаңы жылдын алдында Алматыга концерттик программаларды өткөрүүгө чакырышкан. Ал 2021-жылдын 16-декабрында Казакстанга билет сатып алып, 2-январда кечки саат 8де Алматыга учуп кеткен.

Музыкантты апасы Кундузхан Рузахунова жана Бишкектеги IPAMда программист болуп иштеген небереси Аскат Сериков коштоп жүрдү.

«Алардын Казакстанда жакындары жок жана концерттик программаларды өткөрүү, ошондой эле Казакстан жана КМШ өлкөлөрүндөгү музыкалык фестивалдарга катышуу үчүн чакыруу менен гана барышкан», — деп белгилешти ведомстводон.

Ички иштер министрлиги биздин өлкөдөн чыгып жаткан жана кирип жаткан бардык жарандар Кыргызстандын укук коргоо органдары тарабынан толук көзөмөлгө алынганын кошумчалады.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button