Спорт

Ошто көк бөрү боюнча Кыргызстан чемпионаты өтөт

Көк бөрү боюнча Кыргызстан чемпионаты быйыл Ош шаарында өтөт.

КРдин Көк бөрү федерациясы кабарлагандай, турнир 20-25-октябрда «Төлөйкөн» ат майданында өтөт жана федерациянын 30 жылдыгына арналат.

Турнирге өлкөнүн облустарынан, ошондой эле Ош жана Бишкек шаарларынан 18 жаштан жогорку оюнчулардан турган 9 команда катышат.

Белгилей кетсек, өткөн жылы өлкө чемпионаты Нарында өткөн. Талас облусу финалда Чүй облусун 10:4 эсебинде уткан.

3-орун жана коло медаль үчүн болгон оюнда Нарын облусу Ысык-Көл облусун 6:1 эсебинде жеңген.

Тектеш кабарлар

Back to top button