Кыргызстанда ак илбирсти экотуризм аркылуу коргоо боюнча МЖӨ долбоору каралууда

Бүгүн, 8-октябрда, Кыргызстанда мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) алкагында жаратылышты коргоону жана экотуризмди айкалыштырган жаңы демилге – “Ак илбирсти экотуризм аркылуу коргоо долбоору” каралууда.

Долбоордун концепциясы жана аны ишке ашырууга мүмкүн болгон аймактар талкууланып, ага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Дамирбек Бикулов, Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун директору Нурбек Анарбекин, Кыргыз Республикасындагы Эл аралык финансылык корпорациянын (IFC) өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Дмитрий Пятаченко, Кыргыз Республикасындагы Дүйнөлүк банктын өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Хью Ридделл жана IFCнин консультанты Эркин Асрандиев катышты.

Долбоордун концепциясы Индиянын SUJAN Luxury Hospitality Private Limited (SUJAN) компаниясы тарабынан сунушталган. Компания туризмди өнүктүрүү жана жаратылышты коргоо багыттарында тажрыйбага ээ.

Концепция экотуризмди өнүктүрүү, ак илбирсти жана башка жапайы жаныбарларды байкоо, фототуризм, илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, егерлерди даярдоо, жергиликтүү коомчулуктар менен иш алып баруу жана туристтик инфраструктураны өнүктүрүү багыттарын камтыйт.
Демилге жаратылышка жоопкерчиликтүү мамилеге негизделген туризмди өнүктүрүүгө жана эл аралык деңгээлдеги туристтик продукт түзүүгө багытталган. Ошондой эле туристтик кызматтарды биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана жергиликтүү коомчулуктарды колдоо боюнча жаратылышты коргоо чаралары менен айкалыштырууну көздөйт.
Долбоор азырынча кароонун жана алдын ала иштеп чыгуунун баштапкы баскычында турат. Анын концепциясы, мүмкүн болгон жайгашуусу жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик-жеке өнөктөштүк чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык ишке ашыруу шарттары боюнча консультациялар уланууда.



