Коом
Балыкчыда муз тебем деп сууга түшүп кеткен балдар куткарылды

Окуя Озерная көчөсүндөгү 8-көлмөдө болгон. Жерине 4 куткаруучу тартылып, музу жука болуп тоңгон көлмөнүн музун жирей сүзүп барып балдарды аман-эсен алып чыгышкан.
Жабыркагандарга алгачкы медициналык жардам көрсөтүп, Тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Учурда балдардын абалы жакшы, бейтапканада дарыгерлердин көзөмөлүндө.



