Коом
Мурунку Башкы прокурор Индира Жолдубаеванын атасы каза болду
Кечээ, 28-февралда мурунку Башкы прокурор Индира Жолдубаеванын атасы Ырысбай Жолдубаев көз жумду. Бул тууралуу “Turmush” басылмасы жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Жолдубаеванын атасы түн ичинде каза болгон. Маркумдун сөөгү Кара-Суунун Эшме айылына жерге берилет.
Эске салсак, экс-прокурордун атасы Ырысбай Жолдубаев 1944-жылы төрөлгөн. Кара-Суу районуна караштуу Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн Эшме айылында бүгүн жерге берилет.



