Коом

Коронавирус: Оорунун белгилери байкалса дарыгерге же 118 түз байланыш номерине чалыңыз

Коронавируска каршы Республикалык штаб оорунун белгилери пайда болгондо жашаган жериңиздер боюнча ҮМБга, ҮДТга кайрылып, үй-бүлөлүк дарыгериңизге же 118 түз байланыш номерине чалуу керектигин эске салат.

КР Саламаттык сактоо министрлиги эмделүү кезеги келгендердин бардыгына эмдөө жайларына келүүгө же көчмө мобилдик бригада уюштуруу үчүн КР ССМнын коомдук саламаттык сактоо бөлүмүнө кайрылууга чакырат.

Ошондой эле Саламаттык сактоо министрлиги калкты алдын алуу чараларын карманууга чакырат,

− Башка адамдар менен 1 метрден кем эмес аралыкты сактоо;
− Туура беткапты тагынып жүрүү;
− Желдетүүнү жакшыртуу үчүн терезелерди ачуу;
− Колду тез-тезден жууп туруу;
− Чыканакка же бет аарчыга жөтөлүү, чүчкүрүү;
− Сиздин кезегиңиз келгенде эмделүү.

COVID-19ду, анын ичинде «дельта» жана «омикрон» варианттарын жугузуу коркунучун натыйжалуу түрдө азайтат.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 12-январга карата коронавирус 465 адамдан аныкталып, өлкөдө вирустун «омикрон» штаммы катталды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button