Коом
Бишкек шаары “кызыл зонада”. Республикалык штаб талаптарды койду

12-январга карата тобокелдиктерди баалоо матрицасына ылайык, Кыргызстан “сары зонада”, ал эми Бишкек шаары “кызыл зонада” турат. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Буга байланыштуу:
— калк арасында эмдөө, анын ичинде бустердик доза менен камтууну жогорулатуу;
— коомдук жайларда (өзгөчө коомдук унааларда, соода борборлорунда, коомдук тамактануу жайларында, оюн залдарында) эпидемияга каршы иш-чараларды күчөтүү;
— чектөө чараларын киргизүү жана сактоо зарыл.



