Коом

Эмгек министрлиги: 388,8 миң адам мамлекеттик жөлөкпул алат

Үстүбүздөгү жылдын 1-майына карата мамлекеттик жөлөкпул алуучулардын саны 388,8 миң адамды түзөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Булардын ичинен 278,8 миң – балдар, «үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун алуучулар.

Калктын кирешесинин, эмгек акынын жогорулашына байланыштуу, 2022-жылга салыштырмалуу «Үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун алган балдардын саны 44,9 миң адамга азайды.

«Үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулдун орточо өлчөмү 1 392 сомду түзөт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button