Коом
Бишкекте мектептер онлайн окутууга өтөбү? Вице-мэрдин жообу
Бишкекте мектептерди онлайн окутууга өткөрүү эпидемиологиялык абалга жараша чечиле турганын вице-мэр Виктория Мозгачева билдирди.
Ал Коронавирус менен күрөшүү боюнча республикалык штабдын отуруму күтүлүп жатканын айтты.
«Отурумда Саламаттык сактоо министрлиги өз сунуштарын киргизсе керек. Азыр биз массалык иш-чараларды уюштурбай, жыйындарды онлайн-форматта өткөрүүнү сунуштап жатабыз. Мектептердеги эпидемиологиялык кырдаалга көз салып жатабыз. Бүгүн-эртең байкаштырабыз, ооругандар көп болсо чара көрөбүз», — деди Мозгачева.
Өлкөдө коронавирустун төртүнчү толкуну башталды. Акыркы суткада инфекцияны 742 киши жуктурса, анын 632си Бишкекте катталды.



