Коом

Ысык-Атада арыктан аял кишинин сөөгү табылган. Милиция аялдын өздүгүн аныктоого жардайм сурайт

Милиция Ысык-Ата районунда сөөгү табылган аялдын өздүгүн аныктоого жардам сурайт.

Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдиргендей, 2021-жылдын 29-ноябрында Ысык-Ата районунун Новопокровка-Сары-Жон айылында арыктан болжол менен 40-45 жаштагы аялдын сөөгү табылган. Алгачкы кароодо күч колдонуу белгилери аныкталган эмес.

Аялдын жашы болжол менен 40-45 чамасында. Жансыз денеси табылган учурда кийимдери жок болгон. Жанынан спорттук шым, кофта, жана байпактары табылган. Бул факты Ысык-Ата РИИБинде каттоого алынган.

«Кимде-ким аялдын аты-жөнүн билген болсо, төмөнкү номерлер аркылуу кабарлап коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт. Байланыш телефону: 0(509) 19-11-90, 0(312) 61-69-07, 0(708) 10-81-10», — деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button