Бишкекте жүк ташуучу унаалардын жүрүшүнө убактылуу чектөө киргизилет

Бишкек шаарынын мэриясы оор жүк ташуучу унаалардын шаар ичиндеги жолдо жүрүү кыймылына убактылуу чектөө киргизет.
Муниципалитеттен билдиришкендей, чектөөлөр жол коопсуздугун камсыздоо, жолдун сапатын сактоо жана эксплуатациялоо мөөнөтүн узартуу максатында киргизилүүдө.
Мындай чектөө чаралары үстүбүздөгү жылдын 5-апрелинен 1-октябрына чейин, саат 7:00дөн 21:00гө чейинки аралыкта иштейт. Бул мезгил ичинде максималдуу массасы 18 тоннадан ашык жүк менен жүрүүгө уруксат берилген жүк ташуучу автомобилдер муниципалдык жолдо жүрүүсүнө тыюу салынат.
Убактылуу чектөө механизми оор жүк ташыган төмөнкү унаалар үчүн колдонулбайт:
— гуманитардык жардам жана тез бузулуучу тамак-аш азыктарын ташыгандарга;
— Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан автомобиль жолдорун куруу, оңдоо боюнча иштерди аткаруу үчүн тартылгандарга;
— Бишкек шаарынын аймагында муниципалдык тапшырыктын негизинде жүк ташып бара жаткандарга.



