Коом
Коронавирус жуктургандардын саны Бишкекте көп. Дагы 3 бейтап каза болду — статистика

Кыргызстанда акыркы суткада 781 адамдан коронавирус аныкталып, алардын ичинен 36 медик жуктурганы белгилүү болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Вирус жуктурган аймактардагы адамдардын саны боюнча:
Бишкек шаары – 658
Ош – 11
Чүй облусу – 48
Талас – 14
Нарын – 3,
Ысык-Көл – 6
Жалал-Абад – 14
Баткен – 27
Ал эми акыркы суткада Бишкекте коронавирус илдетин жуктуруп, ооруган 3 бейтап каза тапты.
Жалпы жонунан 2020-жылдан бери 2833 адам каза болду.



