Кыргызстандагы жалгыз аялдар абагында шоу болуп өттү!

Кыргызстандагы жалгыз аялдар абагында шоу болуп өттү!
КР Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу кызматынын тарбиялык, социалдык-психологиялык иш башкармалыгы тарабынан Чүй районунун Степное айылындагы №2 мекеменин тургундарына эстрада жылдыздарынын катышуусунда концерт уюштурулду.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 24-июлундагы №313- Жарлыгына ылайык өткөрүлдү.
Садыр Жапаров 2021-2026-жылдарга карата инсандын руханий-адептик өнүгүүсү жана дене тарбия концепциясын былтыр жайында сунуштаган.
Бул документ 2022-жылдын февраль айында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилип, өзгөчө ЖАК тарабынан натыйжалуу ишке ашырыла баштаган.
Айтмакчы, аялдар абагындагы концерт акыркысы эмес. Ал эми биздин оеурмндарыбыздын арасында Кыргызстандын атайын мекемелеринин конкреттүү, бирок абдан ыраазы болгон аудиториясынын алдында концерт коюуну каалаган чыныгы артисттер, ар түрдүү багыттагы таланттар бар болсо, анда сиз социалдык тармакка жазып байланышсаныз болот!
Мындай тажрыйба албетте ар бир чыгармачыл инсандар үчүн кайталангыс мүмкүнчүлүк, ага ишенип койсонуз болот!



