Үй-бүлөлүк зомбулукка жаза күчөтүлөт. Мыйзам долбоору талкууга коюлду

Кыргызстанда үй-бүлөдө кол көтөргөндөр соттун чечимисиз эле дароо 14 күнгө чейин камалышы мүмкүн. Ал эми аял коркконунан каршылык көрсөтө албаса да, анын макулдугусуз болгон жыныстык катнаш түз эле зордуктоо деп таанылат.
Мындай мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаттары Эркайым Сейитказиева, Гүлнара Акимбаева жана Венера Салямова демилгелеп, коомдук талкууга чыгарышты.
Авторлор өлкөдө аялдарга жана балдарга карата зомбулук кескин көбөйгөндүктөн жазаны катаалдаштыруу керек деп эсептейт.
Долбоорго ылайык, сексуалдык кылмыштарды аныктоодо эң башкы негиз катары аялдын ыктыярдуу макулдук бергени же бербегени саналат.
Ошондой эле үй-бүлөдөгү кол көтөрүү өзүнчө укук бузуу катары бөлүнүп, кылмыштын белгилери жок болсо да, зомбулук көрсөткөн адам жети күндөн 14 күнгө чейин түз камакка алынышы ыктымал.
Эгер жаңжал чыгарган адам айланасындагыларга коркунуч жаратууну улантса, милиция аны кадимкидей 3 саат эмес, 48 саатка чейин камап, кармап турууга укук алат.



