Коом

Кыргызстанда быйыл сугат иштери эрте башталат


Үстүбүздөгү жылы Кыргызстандын бардык облустарында сугат мезгили эрте башталат. Бул тууралуу брифингдин жүрүшүндө айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирди
.

Анын айтымында, учурда адистер сууну кайсы булактан, кайсы чарбалык жана чарбалар аралык каналдарга азыртадан берүүгө болорун карап жатышат.

“Эгерде жаан-чачын азыркыдай эле аз болсо, адегенде каналдардын түбүнө сууну сиңдирүүгө туура келет. Мындан тышкары, учурда талааларда дээрлик кар жок, ошондуктан нымдуулук керек болгон жерлерге бул иштерди жүргүзүшүбүз керек”, — деди Аскарбек Жаныбеков .

Министр белгилегендей, мындай милдет бардык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн алдына коюлган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button