Коом

Апрелден тарта мамлекеттик органдар кагаз ташууну токтотуп, электрондук документке өтөт

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров аймактардагы өкүлчүлүктөргө жана айыл өкмөттөрүнө 1-мартка чейин элетрондук документ жүгүртүүгө өтүүнү тапшырды. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Жапаров мамлекеттик органдарда, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүндө, акимчиликтерде, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларында автоматташтырылган маалыматтык системаларды ишке киргизүү маселеси боюнча кеңешме өткөргөн.

Жыйындын жүрүшүндө региондор жана айыл өкмөттөр боюнча Infodocs, e-kyzmat, «Санарип аймагы» маалыматтык системаларын ишке киргизүүдө келип чыккан көйгөйлөр талкууланды.

«Эң төмөнкү көрсөткүчтөр Чүй облусунда байкалууда: 105 айыл өкмөтүнүн ичинен 31и электрондук документ жүгүртүү системасына кошулган эмес. Мындайга жол берилбеш керек. 1-марттан тарта президенттин администрациясы кагаз түрүндөгү документтерди кабыл алууну токтотуп, 1-апрелден тарта бардык мамлекеттик органдар толугу менен электрондук документ жүгүртүүгө өтөт. Тездетүү керек, бул учурдун талабы. Коңшу мамлекеттер электрондук документ жүгүртүүгө өткөн, биз аны жасай албай жатабыз», — деди Жапаров.

Ошондой эле ал 1-кварталдын жыйынтыгы боюнча облустук администрациялардан баштап айыл өкмөттөрүнө чейин электрондук документ жүгүртүү жана калкты электрондук тейлөө системасын билүүсү боюнча аттестация жүргүзүлөрүн белгиледи.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button