Коом

Алматыда сабалган Чолпонбек Сыдыков өлкөгө алып келинди

Алматыда сабалган Кыргыз жараны Чолпонбек Сыдыков өлкөгө алып келинди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

«Бүгүн, 20-январда Кыргыз өлкөсүнүн Алматы шаарындагы Башкы консулдугу тарабынан Чолпонбек Сыдыков атайын медициналык унаа менен «Ак-Жол» көзөмөл-өткөрмө пунктуна чейин алып келинди.

Аны көзөмөл-өткөрмө пунктунан тосуп алып, андан ары тийиштүү медициналык мекемеге жайгаштыруу уюштурулууда», — деп билдиришти министрликтен. Учурда министрлик Казакстан тарап менен Сыдыковго байланыштуу окуянын бардык жагдайларын тактоо жана анын ден соолугуна оор залал келтирген күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button