Коом

ВИДЕО: Үйүнөн чыгып кеткен өспүрүм табылды

Баткен РИИБнин кызматкерлери Баткен районунун Кара-Булак айыл аймагында милициянын көчмө кабылдамасы менен коомдук тартипти көзөмөлдөп жүрүп, “Селсаяк” иш-чарасын өткөрүүдө 2022-жылдын 22-январь күнү эрте менен саат 07.00дөр чамасында Суу-Башы айыл аймагынын Айгүл-Таш айылында көчөдө жүргөн өспүрүмдү табышкан.

Текшерүү иштеринин жыйынтыгында Баткен районунун Чек айылындагы орто мектебинин окуучусу 15 жаштагы  Ж.К. экендиги аныкталды. Ата-энесин чакырып сүйлөшкөндө жогорудагы жаш өспүрүм ата-энесине айтпай 21-январь күнү үйүнөн чыгып кеткени белгилүү болду. Бирок жаш өспүрүм баланын ата-энеси милицияга бала жоголгондугу боюнча арыз менен кайрылган эмес.

Жаш өспүрүм бала апасына тапшырылып, текшерүү иштери жүрүп жатат, — дейт Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы билдирген маалыматта.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button