Окуялар

Ысык-Көлдө мыйзамсыз бак кыйган жергиликтүү тургундар кармалды

24-январда болжол менен эртең менен саат 05.00 чамаларында Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милициясынын кызматкерлери тарабынан Түп районунун Ой-Тал жана Ой-Булак автожолунун боюнда мыйзамсыз эки бак-даракты кыйып жаткан жеринен жергиликтүү тургундар кармалды.

Алар, Ой-Булак айылынын тургундары, 32 жаштагы Д.С. жана А.О. болуп чыгышты, ошондой эле күнөлөрүн моюндарына алышты.

Учурда тийиштүү иш кагаздар толтурулуп, юридикалык баа берүү үчүн Түп РИИБдин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Далил зат катары, кыйылган бак-дарактар жана бензинарасы алынды,- деп айтылат Ысык-Көл ОИИБдин басма-сөз кызматынын жетекчиси Сталбек Усубакунов берген маалыматта.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button