Оппозициядагылар чек арадагы чыр тууралуу бир да сөз айтышпады, аларга бийлик, мансап эле керепи?

Кечээтен бери Кыргыз-Тажик чек арасындагы чырдан улам туура маалыматтарды таратып, таң атканча окуя болгон жерден кабар алып жаткан патриот жарандар интернеттеги жаңылыктарды камсыздап турушту. Ал эми ошол эле учурда оппозиция эки өлкөнүн ортосундагы чыр тууралуу ооз ачышкан жок. Интернет колдонуучулары мамлекет коркунучта турганда оппозиция, позиция деп бөлүнбөй биримдикте болуу керектигин байма-бай жазып турушту. Бирок, чек арадагы окуялар боюнча оппозицияда жүргөн саясатчылардын бири да ооз ачып койбогонуна Фейсбук колдонуучусу Сайракан Салиева жеке пикирин жазды.
“Кечээтен бери мүлдө кыргыз элинин чыйпыйы чыгып, чегарада тажиктер ок атып жатат деп жатышат. Жарандык активисттер, блогерлер, журналисттер, айрым бийлик өкүлдөрү уктаган да жок. Ушул тапта оппозиция сөрөйдөн бир да үн чыккан жок. Жадагалса элим деп бир сөз айтууга жарашпады. Кайда Текебаев, Мадумаров, Кулов, Отунбаева жана башкалар, же адатынча акырын күтүп жатабы акыл үйрөтүп, сындоо үчүн. Буларга бийлик гана болсо болду экен да. Эл, жер тагдырына баштары да оорубайт тура!” – деп жазды Фейсбук колдонуучу Сайракан Салиева.



