Саясат
Жогорку Соттун төрайымы Нургүл Бакирова отставкага кетти

Жогорку Соттун төрайымы Нургүл Бакирова отставкага кетти. Бул тууралуу анын кеңешчиси Ибрагим Нуракун уулу социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
Ал бул кызматты 9 айдан бери аркалап келет. Кечээ, 30-январда Бакированын 9 айынын отчётун жарыяланган.
Жогорку Соттун басма сөз кызматы Нургүл Бакирова өз каалоосу менен кызматтан кеткенин билдиришти. Ал президенттин атына кызматын өз каалоосу менен тапшыруу жөнүндө арызын берди.
Өмүр баяны
- 1995-1997-жылдары Ош облустук прокуратурасы, стажер, тергөө бөлүмүнүн прокурору, облустук прокурордун жардамчысы;
- 1997-1999-жылдары Ош мамлекеттик университети, юридикалык факультеттин деканынын орун басары, «Адам укугу жана демократия» борборунун директору;
- 1999-2003-жылдары Бишкек мамлекеттик экономика жана коммерция институтунда Атайын юридикалык дисциплина кафедрасынын башчысы;
- 2003-2007-жылдары Ош облустук сотунда судья;
- 2007-2013-жылдары Ош облустук сотунун төрагасынын орун басары;
- 2013-2015-жылдары «Нур и Ко» юридикалык компаниясынын жетекчиси;
- 2016-жылы январь эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин кеңешчиси;
- 2016-жылы февраль Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги, гендердик саясат бөлүмүнүн башчысы;
- 2016-2018-жылдары Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги, укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы;
- 2018-2021-жылдары Жогорку сот, судья;
- 2021-жылы Жогорку Соттун төрайымы.



