Коом
Жеңиш Молдокматов үй камагына чыкты

«Туран» партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов үй камагына чыкты. Бул тууралуу саясатчынын партиялаштары билдирди.
Анын айтымында, мындай чечимди Бишкек шаардык соту кабыл алган.
“Бүгүн, 2-февралда Бишкек шаардык сотунда Жеңиш Молдокматовдун баш коргоо чарасы каралды. Анын жыйынтыгы менен сот үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алды”, — деди Темирланов.
Жеңиш Молдокматов «Октябрь окуяларында жапырт баш аламандык уюштурган» деген айып менен камакка алынган.



