Коом

Улуттук госпиталда жакынкы күндөрү трамватология бөлүмү ачылат

Улуттук госпиталда жакынкы күндөрү трамватология бөлүмү ачылат. Бул тууралуу оорукананын башкы дарыгери Токтобай Маанаев билдирди.

Анын айтымында, оорукананын курамында 30 койка-орундуу трамватология бөлүмү ачылат. Учурда бөлүмдү ачуу боюнча буйрук даярдалып жатат.

«Мурун Улуттук госпиталда 6 трамватология бөлүмү бар болчу. Бирок алардын баары жабылган. Азыркы кезде кайрадан бейтаптар үчүн трамватология бөлүмүн калыбына келтирели деп жатабыз. Бизде тажрыйбалуу дарыгерлер жетиштүү.

Жол кырсыктарында адамдар сынык гана эмес, жарым-жартылай травмалар менен жабыркайт. Ошондой эле хирург, нейрохирург, офтальмологдордун жана башка адистердин консультациясы талап кылынарын да белгилегим келет. Координацияланган жана тез жардам көптөгөн бейтаптарыбыздын өмүрүн сактап калууга жардам берет. Ал эми диагностика үчүн биз жакында Компьютердик томография жана ангиография аппараттарын алабыз», — деген Маанаев.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button