Саясат

Өмүрбек Текебаев Германияга элчи болот

«Ата Мекен» партиясынын лидери, оппозициячыл саясатчы Өмүрбек Текебаев Германияга элчи болорун бийликтеги ишенимдүү булактар тыстыктады, деп жазды Спутник Кыргызстан агенттиги.

Текебаев 63 жашта. Билими жогору. 1981-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин физика факультетин, 1994-жылы ушул эле окуу жайдын юридика факультетин бүтүргөн. Ошол жылдан тарта «Ата Мекен» социалисттик партиясынын төрагасы. Жогорку Кеңештин беш чакырылышынын депутаты болгон.

Буга чейин Германияда Кыргызстандын элчиси болуп Эрлан Абдылдаев эмгектенген. Бул кызматты ал 2020-жылдын июль айынан берип аркалап келе жаткан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button