Ысык-Көлдө дарыгерлер милициянын ардагерлерин жашаган жеринен көрүшүүдө

Ысык-Көл областтык ички иштер башкармалыгынын начальниги Орунбай Кочкаровдун көрсөтмөсү менен облустук милициянын медициналык кызматынын кызматкерлери жана дарыгерлери ИИОнун ардагерлерин жашаган жери боюнча медициналык көчмө кароолорду жана дарылоо процедураларын көрсөтүшүүдө. Биринчи кезекте медициналык кызматтын дарыгерлери жакында эле катуу ооруга чалдыккан ардагерлеринин ден-соолуктарынан кабар алышууда.
Үйүнө барган ардагерлердин бири милициянын отставкадагы полковниги Турусбек Ашымов болду. Ал 30 жылдан ашык ички иштер органдарында эмгектенип, ардактуу эс алууга чыккандан кийин, көп жылдар бою Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын Ардагерлер кеңешин жетектеген. Ардагер жакында инсульт оорусуна кабылып, даарыланып чыккан. Дарыгерлер ардагердин гана эмес, анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн да ден соолугунун абалын текшерип чыгышты. Андан кийин тийиштүү дары-дармектерди беришти.
«Дарыгерлердин да, милициянын да иши өтө жоопкерчиликтүү жана оор экенин билем. Мен, өлкөбүздүн бардык жарандары сыяктуу эле, дарыгерлерибиздин кесипкөйлүгүнө жана өз кесибине берилгендигине ишенем. Милиция кызматкерлеринин жана ардагерлердин ден-соолугуна өзгөчө көңүл буруп жаткан бардык медицина кызматкерлерине чоң рахмат. Сиздердин ишиңиздер баа жеткис», — деди Т.Ашымов дарыгерлерге өз ыраазычылыгын билдирип.
Милициянын ардагерлерин Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын медициналык кызматынын даарыгерлери тарабынан карап чыгуусу региондун бардык аймагында жүргүзүлмөкчү.




