Коом

УКМК: “Айыл-Банктын” үч жооптуу кызматкери кармалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) насыяларды берүүдө коммерциялык субъектилердин кызыкчылыктарын коргоп, туруктуу коррупциялык схеманы түзгөн деген шек менен 8-февралда “Айыл Банктын” үч жооптуу кызматкери (“Ш.У.Ж.”, “С.М.А.” жана “А.Ж.А.”) кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалганын билдирди. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен айып коюлду.

Мекеменин маалыматы боюнча, 2017-жылы “Айыл-Банк” ачык акционердик коому тарабынан “Россиф” жеке ишканасына 3,5 млн. доллар (295,7 млн. сом) насыя мыйзамсыз берилген. “Россиф” банкка күрөөгө койгон 348,5 млн. сомдук мүлк Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматтын баасы боюнча болгону 271,8 млн. сомго гана бааланган. Ортодогу айырма 76,6 млн. сомду түзгөн.

Бул кылмышка тиешеси бар башка да адамдарды аныктоо иштери уланып жатат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button