Саясат

Депутат Надира Нарматова бейөкмөт уюмдарга “чет өлкөлүк агент” деген макам берүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештеги “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын депутаты Надира Нарматова Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдарга “чет өлкөлүк агент” деген макам берүүнү сунуштады.

Депутат 10-февралдагы парламент жыйынында V чакырылышта аталган маселе боюнча мыйзам долбоорун сунуштаганын белгилеп, аны кайра карап чыгуу керектигин айтты.

“5-чакырылышта комитеттеги экинчи окуудагы каралган мыйзамды кайра көтөрүп чыгууга протоколдук тапшырма берсеңиз. Ошол депутаттардын ичинен кайра мен депутат болуп келдим. Каалоочулар болсо кошулгула”, — деди Нарматова.

2021-жылы июль айында президент Садыр Жапаров “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” жана “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо тууралуу” мыйзам долбооруна кол койгон. Анда мамлекеттик эмес уюмдарды жыл сайын Юстиция министрлигине каржы булагы, мүлкү, чыгымы, кызматкерлеринин саны жана алардын эмгек акысы тууралуу отчёт берүүгө милдеттендирген жобо каралган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button