БШК президенттик шайлоодо 33 өлкөдө 74 шайлоо тилкесин ачат

Кыргызстандын президентин шайлоодо чет өлкөлөрдө жүргөн жарандар 33 мамлекеттеги 74 шайлоо тилкесинде добуш бере алышат. Кийинчерээк алардын саны дагы көбөйүшү мүмкүн. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.
Маалыматка ылайык, шайлоо тилкелеринин эң көбү Россияда ачылат, ал жакта 20 тилке иштейт. Түркия менен Казакстанда алтыдан, АКШда беш, Түштүк Корея менен Италияда үчтөн тилке болот. Ал эми Өзбекстан, Германия, Кытай жана Бириккен Араб Эмираттарында экиден шайлоо тилкеси ачылат.
Калган 23 тилке Австрия, Чехия, Словакия, Польша, Улуу Британия, Беларусь, Литва, Венгрия, Бельгия, Франция, Швейцария, Сауд Арабиясы, Кувейт, Катар, Египет, Азербайжан, Тажикстан, Түркмөнстан, Малайзия, Пакистан, Индия, Япония жана Монголияда уюштурулат.
Түзүлгөн шайлоо тилкелеринин толук тизмеси жана даректери менен БШКнын сайтынан таанышууга болот.



