Коом

Былтыр Кыргызстанга мигранттар 2,8 млрд. доллар которгон

Былтыр Кыргызстанга 2 миллиард 756 миллион 240 миң доллар которулган. Бул тууралуу Улуттук банк кабарлады.

Кеп жарандардын атайын система аркылуу жиберген каражаты тууралуу болуп жатат.

2020-жылга салыштырмалуу которуулар 379 миллион долларга көбөйгөн. Бул ошол жылдын башында пандемиядан улам өнөктөш өлкөлөр чектөөлөрдү киргизгенине байланыштуу.

2021-жылдагы статистика тарыхтагы рекорддук көрсөткүч болгон. Экинчи орунда 2018-жылдын январь-ноябрь айларындагы акча которуулар турат. Анда 2 миллиард 479,4 миллион доллар келип түшкөн.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button