Окуялар
Ысык-Көлдө кой кайтарып, жардан түшө албай калган киши куткарылды

Ысык-Көлдө 47 жаштагы киши жардан түшө албай калган. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя Жети-Өгүз районунун Дархан айылындагы Ак-Жар жайлоосунда болгон. 47 жаштагы эркек киши кой жайып жүрүп, жарга чыгып, өз алдынча түшө албай калган.
Окуя болгон жерге куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн 6 куткаруучу тартылып, жаранды жардан түшүрүп тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Абалы жакшы.



