Коом

Москвада издөөдө жүргөн Кыргыз жараны колу кишенделген боюнча полициядан качып кетти

Москва шаарындагы ооруканалардын биринде издөодө жүргөн Кыргыз жараны колу кишенделген боюнча Полициядан качып кетти. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 29 жаштагы А.Г аттуу жаран ооруканага медициналык текшерүүдөн өткөрүлүп, андан соң СИЗОго киргизилиши керек болчу. Ал ооруканадан ажатканага барууну суранган. Полиция анын колуна кишен салып ажатканага киргизгенде ал терезе аркылуу качып чыгып, изин жашырып кеткен.

Шектүү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан издөөгө алынганы айтылды.

Учурда качып кеткен жаран кайрадан издөөгө алынды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button