Коом

Ноокат райондук электр тармактары мекемесинин кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына А.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, Ноокат районунун электр тармактары ишканасынын инженери үйгө үч фаза ток киргизүү үчүн 60 000 сом акча каражатын талап кылып жатканын билдирген.

Факт боюнча Ош ОИИБдин Тергөө кызматы тарабынан кылмыш иши козголуп, тергөө башталган.

2024-жылдын 25-сентябрь күнү Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам-тергөө иш-чаралардын жүрүшүндө, иш бөлмөсүндө 50 000 сом өлчөмүндө акча алып жаткан учурда Ноокат райондук электр тармактарынын сатуу бөлүмүнүн инженери 1980-жылы туулган М.Р. аттуу жаран кармалды.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесинин ылайык 1980-жылы туулган М.Р. шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылууда.

Коомчулук ички иштер органдарынан укук тартибин жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча натыйжалуу ишти, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүүдө олуттуу натыйжаларды күтүүдө.

Ички иштер министрлиги тарабынан мамлекеттик органдарындагы коррупциялык көрүнүштөр менен күрөшүү жана мамлекеттик органдардын беделин түшүргөн кызмат адамдарынын катарын тазалоо боюнча иштер улантылууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button