Коом

Бишкекте эне менен кызын мыкаачылык менен өлтүргөн кылмышка шектүү 10 жылга эркинен ажыратылды

2-мартта Бишкектин Свердлов райондук соту эки аялдын өлүмү боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 2005-жылы туулган жаранга өкүм чыгарды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине адвокат Шердор Абдыкапаров билдирди.

Маалыматка караганда, жигит 10 жылга эркинен ажыратылган.

Өткөн жылы 12-майда болжол менен саат 11:25 чамасында Бишкектеги Жибек-Жолу менен Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйлөрдүн биринен киши колдуу болуп өлгөн эки аялдын жансыз денеси табылган.  Милиция кызматкерлери экөөнүн аты-жөнүн аныкташып, алар 1958-жылы жана 1990-жылы туулган жарандар экени белгилүү болгон. Алардын апасы менен кызы экени маалым болгон. Кылмышка шектелип, жашы жете элек, 2005-жылы туулган жаран кармалган. 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button