Акылбек Жапаров Камбар-Ата-1 ГЭСи үчүн Нарын дарыясына көпүрө салууну тапшырды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Камбар-Ата ГЭС-1 жана ГЭС-2 каскадына барды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Белгилей кетсек, Жапаров учурда иш сапары менен Жалал-Абад облусунда жүрөт.
«Министрлер кабинетинин башчысы станциялардагы курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышып, Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи гидроагрегатын ишке киргизүү үчүн жер үстүндөгү агып өтүүчү жайдын курулушун баштоону тапшырды. Ошондой эле ал Камбар-Ата-1 ГЭСине даярдык көрүү үчүн ага барчу жолду жана Нарын дарыясына көпүрө куруу тапшырмасын берди», — деп айтылат билдирмеде.
Жапаров Камбар-Ата-2 ГЭС аймагындагы №2 транспорттук тоннелдин курулушун аяктоо керектигин айтып, электр линияларын тартуу жана куруучулар үчүн турак жай шаарчасын салуу маанилүү экенин белгилеген.



