Коом
Түркиядагы зилзаладан жабыркагандардын арасында Кыргызстандын да жараны бар

Бул тууралуу ТИМ билдирди. Адана шаарында жаракат алган 39 жаштагы кыргызстандыкка медициналык жардам көрсөтүлгөн. Абалы канааттандырарлык. Ооруканага көрүнүп чыкты.
Ошондой эле ТИМ кызматкерлери Адана шаарында 10 мекендешти коопсуз жайга жайгаштырып, тамак-аш, жылуу кийим жеткирди.
Түркиядагы кыргызстандыктар үчүн элчиликтин номерлери күнү-түнү иштөөдө:
▪️Анкара шаары: +90 545 6896800, +90 312 4913506, + 90 312 4913507;
▪️Анталия шаары: +90 546 5570471, +90 534 8388551;
▪️Стамбул шаары: +90 535 1077212, +90 212 2356767, +90 212 2353737;
▪️Кыргызстандын Консулдук башкармалыгы: +996 999 312002



