Коом

Борбор калаада абанын булгануусу нормасынан ашты

Бишкектеги абанын булгануусу белгиленген чектен 2,33 эсеге чейин жогорулады. Бул тууралуу бүгүн, 24-октябрда Кыргызгидромет билдирди.

Айлана-чөйрөнүн булгануусун байкоо башкармалыгынын маалыматына ылайык, 17-октябрдан 23-октябрга чейин Бишкектеги атмосфералык абадагы негизги булгануучу заттардын орточо суткалык концентрациялары чектүү деңгээлден 2,33 эсеге ашкан.

Ал эми World Air Quality уюмунун маалыматына ылайык, дүйнөдөгү абасы эң булганган өлкөлөрдүн тизмесинде Пакистан биринчи, андан кийин Уганда жана Индия турат. Кыргызстан бул рейтингде 33-орунду ээледи.

Тектеш кабарлар

Back to top button