Бишкекте 15 адам катышкан мушташ боюнча кылмыш иши козголду

Бишкекте 26-августка караган түнү Шабдан Баатыр көчөсүндө, «Жаңы кампалар» аймагында массалык мушташ болгон. Бул тууралуу Свердлов райондук милиция башкармалыгы билдирди.
Милицияга билдирүү саат 01:08де түшкөн. Арыздануучу У.Н. болжол менен 15 адамдан турган топ анын күйөөсүнө жана 15 жаштагы уулуна кол салганын айткан. Анын маалыматына караганда, кол салгандар чет өлкөлүк жарандар болгон.
Чыр-чатакка катышкан эки тарап тең жагдайды тактоо үчүн райондук милиция бөлүмүнө жеткирилген. Жабыркагандардын алган жаракаттарынын мүнөзүн жана оордугун аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси («Бейбаштык») менен кылмыш иши козголду.
Учурда тергөө иштери жүрүп, окуянын бардык жагдайлары жана ага тиешеси бар адамдар аныкталууда.



