Коом
«Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасы ортомчуларга каршы чектөө чараларын киргизди

«Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасы быйыл көмүрдү кымбат саткан ортомчуларга каршы чектөө чараларын киргизди. Бул тууралуу ишкананын жетекчиси Рустамбек Садыралиев Sputnik Кыргызстан агенттигине курган маегинде билдирди.
Анын айтымында, буга чейин Кара-Кечеден көмүрдү 2,5 миң сомдон алып, элге 8-10 миң сомдон саткан айдоочулар болгон.
«Эми кенге көмүрдү социалдык отун базаларына түз ташыган унаалар гана киргизилет, ал эми алып сатарларга кирүүгө толук тыюу салынды», — деп белгиледи Садыралиев.



