Коом
Ошто 2006-2007-жылы дарыгерлердин шалаакылыгынан улам ВИЧ жуктурган балдардын саны 405ке жетти

Бул тууралуу Кан аркылуу жугуучу вирустук гепатитке каршы күрөшүү жана ВИЧ-инфекциясын көзөмөлдөө борборунун директору Үмүт Чокморова билдирди.
Мамлекет бейтаптарга 18 жашка чыкканга чейин 8 миң сомдон жөлөк пул төлөгөн.
“Алар жөлөк пулдун көлөмүн 10 миң сомго көтөрүп, өмүр бою төлөп берүүнү, ошондой эле, үй берүү, 2-топтогу майыптык дайындоо жана 3 миллион сомдон кенемте төлөп берүүнү суранууда. Маселени комиссия карап жатат», — деди Чокморова.



