Коом

Камбар-Ата-1 ГЭСинде изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн сынак жарыяланды

Камбар-Ата-1 ГЭСинде инженердик-геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн сынак жарыяланды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен кабарлады.

Маалыматка ылайык, тендер эки пакеттүү ыкма менен чектөөсүз ыкмада жүргүзүлөт.

Сынак жөнүндө маалымат Мамлекеттик сатып алуулар порталына жайгаштырылды. Сунуштарды берүү үчүн акыркы мөөнөт 23-февралда аяктайт.

Министрлик бардык кызыкдар тараптар объектти жеринен көрүүгө чакырууда. Жыйын 12-февралда Камбар-Ата-1 ГЭСинде өтөт.

Сынакка мыйзамдарга жана белгиленген талаптарына жооп берген бардык кызыкдар жана квалификациялуу уюмдар катышса болот.

Тектеш кабарлар

Back to top button