Коом

ИИМ: Бангилик лабораториянын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюшту

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Бангизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы Бишкек шаарынын Октябрь РИИБнин Тергөө кызматынын менен биргеликте кан-набис тобундагы баңгизаттарды мыйзамсыз колго өндүрүүчү бангилик лаборатория аныкталып, анын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.

Ысык-Көл облусу тургуну Т.А. аттуу жарандын үйүндө шашылыш тинтүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында каннабис тобундагы баңгизаттарды өндүрүүчү баңги лабораториясы үчүн жабдылган кампадан көк түстөгү 100 литрлик желим бочканын ичинен кара куурайдын өзгөчө жыты бар жашыл түстөгү зат табылып  алынган, ал  таңгактары менен жалпы салма-гы 26 килограммды түзгөн,  болжол менен «гашиш» баңгизат каражаты болгон.

Ошондой эле, ал жакта баңгизатты жасоочу шаймандар: тор, сугаргыч, чака болгон.

Андан ары ашкананын терезесинен боз түстөгү желим идишке са-лынган ширеңке кутучаларынын астына салынган жалпы салмагы 26 граммды түзгөн «гашиш» баңгизат каражаты табылып, алынган.

Алынган баңгизаттардын жалпы салмагы 26 килограмм 026 граммды түзгөн.

Кармалган Т.А. аттуу жаран Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка жарандарды аныктоо боюнча кошумча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө, — деп билдирди ИИМдин Басма сөз кызматы.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button