Коом

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын уюштуруучулары конокторду улуттук кийим кийип келүүгө чакырды

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын уюштуруучулары чет өлкөлүк туристтерди жана жергиликтүү көрүүчүлөрдү иш-чараларга улуттук кийим кийип келүүгө чакырышты. Бул тууралуу бүгүн «Биринчи радио» эфиринде ДКОнун маданий программасынын координатору Гүлбара Абдыкалыкова билдирди.

Анын айтымында, оюндарга 60 өлкөнүн өкүлдөрү катышат. Ал эми маданий программага 3 миңден ашуун адам тартылат.

Маданий программа беш ири аянтчада өтөт. Негизги иш-чаралар этношаарча түзүлгөн Кырчын жайлоосунда уюштурулат.

«Бардык конокторду жана чет өлкөлүк туристтерди этношаарчага чакырабыз. Өз өлкөсүнүн улуттук кийимин кийип келүүнү сунуштайбыз. Ар бир адам үчүн улуттук кийим кийүү — сыймык, ошол эле учурда чоң жоопкерчилик», — деди Абдыкалыкова.

Ал ошондой эле Кыргызстандын жарандарын иш-чараларга улуттук кийимдери менен келүүгө чакырды.

«Коомдук тартипти сактап, маданиятыбызды, көчмөн маданиятыбызды дүйнөгө сыймыктануу менен көрсөтүүгө чакырабыз», — деп кошумчалады координатор.

Тектеш кабарлар

Back to top button