Коом

Кыргызстанда социалдык кызматкерлердин орточо айлыгы 40 миң сомго жакындады

Кыргызстанда социалдык кызматкерлердин кошумча төлөмдөрдү жана үстөк акыларды эске алуу менен орточо эмгек акысы болжол менен 40 миң сомго чейин жогорулады. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин коллегиясынын жыйынында айтылды.

Баяндамачынын маалыматына караганда, буга чейин социалдык кызматкерлердин орточо айлыгы 12 миң сомдун тегерегинде болгон.

Айлык акыны жогорулатуу 2026-жылдын 26-мартындагы президенттин бюджеттик чөйрөнүн айрым кызматкерлеринин эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү жөнүндөгү жарлыгынын алкагында жүргүзүлгөн.

Учурда өлкө боюнча 545 социалдык кызматкер иштейт. Бул бекитилген штаттык бирдиктин 99 пайызын түзөт.

Отчеттук мезгилде алар турмуштук оор кырдаалга кабылган 3,6 миң баланы аныкташкан. Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында 1 702 баланы мындай оор кырдаалдан чыгарууга жетишилген.

Тектеш кабарлар

Back to top button