Коом

Милициянын генерал-лейтенанты Болотбек Ногойбаевдин жаркын элесине арналган дзюдо боюнча турнир өттү

2023-жылдын 11-мартында “Газпром” спорт комплексинде юридика илимдеринин доктору, мурдагы ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Болотбек Ногойбаевдин жаркын элесине арналган укук коргоо органдарынын арасында дзюдо күрөшү боюнча 3 күндүк турнир болуп өттү.

Турнирдин салтанаттуу ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин биринчи орун басары милициянын генерал-майору Адылбек Бийбосунов, ИИМдин Генералдар кеңешинин төрагасы Садырбек Дубанаев, Курман Кубатбеков, Абдулда Суранчиев, Кемелбек Киязов, Болотбек Ногойбаевдин жакын санаалаштары, туугандары жана балдары катышты.

Бул турнирде Кыргыз Республикасынын УКМКнын, ИИМдин Ички аскерлеринин, Атайын багыттагы полкунун, Күзөт кызматынын, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун ИИББнын, Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын кызматкерлеринен куралган жалпы жети команда күч сынашты.

Биринчи орунду ИИМдин Ички аскерлеринин, экинчи орунду ИИМдин Атайын багыттагы полкунун жана үчүнчү орунду УКМКнын жана Бишкек шаарынын ИИББнын командалары ээлешти.

Турнирде “Эң жакшы ыкма” номинациясына ИИМдин Ички аскерлеринин аскер кызматчысы Дайырбек Карыяев, “Эң жакшы көтөрүп чабуу” номинациясына УКМКнын кызматкери Нурсултан Жумабеков жана “Жеңишке болгон эрки” номинациясына ИИМдин Атайын багыттагы полкунун кызматкери Кубат Сапарбаев татыктуу деп табылышты.

Иш-чаранын жыйынтыгында мелдешти ачык, акыйкаттуу жана адилеттүү өткөргөн калыстар тобун Бишкек шаарынын ИИББнын начальниги Азамат Ногойбаев медалдар менен сыйлады.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button