Коом

Жамгыр, мөндүр жаайт! Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты

20-25-апрелде Кыргызстандын аймагында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кабарлады.

20-21 жана 24-апрелде күндүз, ошондой эле 25-апрелде түнкүсүн кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Кээ бир аймактарда мөндүр жаайт.

Абанын температурасы төмөндөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт.

Мындай аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button