Коом

Дайырбек Орунбеков: Турция менен Тажикстандын ортосундагы тастыкталбаган маалыматты болжолдоп урдурбагыла!

Белгилүү журналист Дайырбек Орунбеков  Тажикстан Турция мамлекетинен сатып алган учкучсуз учак тууралуу такталбаган  маалыматты ЖК депутаттары жана Тышкы иштер министри божомолдоп коомчулукка айтып чыкканына нааразы экенин  социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

“Турция менен Тажикстан экөөнүн ортосундагы тастыкталбаган маалыматты – Жогорку Кеӊештин депутаты менен Тышкы иштер министри болжолдоп тастыктап, урдуруп жатышат.

Турция эркин мамлекет жана соода жүргүзү, экспорттун түрү боюнча алдыӊкы өлкөлөрдүн бири.

Айтайын дегеним бул. Жакында Тажикстандын коргонуу күчтөрүнүн жетекчилери менен Турциянын өкүлү жолугушту. Жолугушууда кызматташуу боюнча сөз болгону интернеттеги ачык маалыматтарда айтылды. Бул факт.

Ага улай эле такталбаган фейк маалыматтар тарап, “Тажикстан “Байрактар ТБ2” безпилотниктерди сатып алды деп жасалмаланган сүрөттөр менен маалымат тарады. Биз ал сүрөттөрдүн жасалма экенин аныктаганбыз.

Жогорку Кеӊештин жыйынында депутат Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучуга “Турция Тажикстанга “Байрактар ТБ2”ни саттыбы? Эмнеге алар сатат?,-деген сыяктуу суроо узатты. Турция кимге эмне сатат, кантип сатат, кимдер менен кызматташат бизден сурабайт да?! Анын суроосуна министрдин милдетин аткаруучу дагы “балп” эттирип жооп берип, “биз сатпа деп айттык, анан сатыптыр, тактадык”-деп урдуруп жатат. Министрдин милдетин аткаруучу интернеттеги ачык (фейк) булактардагы маалыматтарды эле айтты көрүнөт.

Тажикстандын, Турциянын дагы бийлиги расмий бул маалыматты тастыктаган жок. Тастыктай электе эле Жогорку Кеӊештин депутаты менен Кыргызстандын Тышкы иштер министри тастыктап, ага баа берип отурушат.

Суроо бергениӊер дагы, жооп кайтарганыӊар дагы ойлонуп, эл аралык этиканы сактап анан сүйлөсөӊөр болмок! Такталбаган маалыматты өз алдыӊарча эле тастыктап сүйлөп жатканыӊар Турция менен Кыргызстандын ортосундагы мамилеге терс таасирин тийгизип койбосун. Силердин маалыматыӊардан кийин ансыз дагы түрктөрдү сөккөндөр социалдык тармакта абдан көбөйдү.

Поездин алдына чуркабай турсаӊар болмок…» — деп жазды Орунбеков.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button