Коом
Салык төлөөчүлөр үчүн жаңы билдирмелер кызматы ишке кирди

Мамлекеттик салык кызматынын маалыматына ылайык, «Салык төлөөчүнүн кабинети» системасында жаңы «Билдирмелер» кызматы ишке киргизилди.
Эми салык төлөөчүлөр кабинет аркылуу маанилүү өзгөрүүлөр, жаңылыктар жана эскертүүлөр тууралуу маалыматты ыкчам ала алышат.
Жаңы сервис салык кызматтарын пайдаланууда керектүү маалыматтарды өз убагында алууга мүмкүнчүлүк берет.
Бул кызмат салыктык кызматтарды санариптештирүү жана салык төлөөчүлөр менен өз ара байланышты жакшыртуу иштеринин алкагында ишке киргизилди.



